Экоунааларга көчкөн дүйнөнүн 12 шаары

24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:46

Дүйнөнүн Париж, Лондон, Лос-Анджелес жана Кейптаун сыяктуу шаарлары 2025-жылдан тартып абаны кирдетпей турган автобустарды сатып алышмакчы. Андагы максат – 2030-жылга карай экологиялык таза аймактардын санын арттырып, курчаган айлана-чөйрөнү бензин менен керосинден бөлүнүп чыккан уулу газдардан коргоо.

Мындай мамилеге дүйнө жүзүнүн 12 мегаполисинин өкүлдөрү Францияда кол сунушту. Жалпы алганда 80 миллион адам жашаган бул шаарларда келечекте жөө жүрү, велосипед жана уулу газ таратпай турган коомдук транспортко өтүү маселесине негизги көңүл бөлүнөт. Мындай чаралардын кереги 2015-жылкы Париж келишиминде караштырылган. Ошону менен катар азыр суутек менен жана электр кубаты менен жүргөн машиналар өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бөлүүнүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!