Үйдүн дизайн долбоору

14-Июнь 2017, Шаршемби

Үйдүн дизайн долбоорун иштеп чыгуу үчүн кесипкөй адистерге кайрылуунун кажети жок. Өз аракетибиз менен жасап көрсөк да болот.

1-кадам:Өлчөө

Үй-жайды өлчөгүч жана лазер сызгычынын жардамы менен: патолокту, дубалдарды, эшик жана терезе оюктарын, терезе алдындагы тактайды, баардык керектүү жерлерди өлчөп чыгыңыз. Өлчөөлөрдүн дал келүүсү сапатка көз каранды. Баардыгын тактап жазып алгандан соң гана үйдүн планы менен салыштырып, зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилет.

2-кадам: Дизайн

Өз колуңуз менен батир дизайнын жасоого жардам берген атайы долбоорлорду жана кошумчаларды колдонуңуз. Виртуалдык макет үйдүн толук схемасын жасоого мүмкүндүк берет. Сиз бул план аркылуу баардык кемчиликтер менен толуктоочу жагдайларды көрө аласыз. Макетке өз каалоңуз боюнча керектүү материалдарды: туш кагаздардын түсүн, сапатын тандасаңыз болот.

Эгер дубалды кулатууну же көчүрүүнү, үйдүн башкы планын өзгөртүүнү же болбосо балкондорду бөлмөлөргө кошууну кааласаңыз анда үйдү кайра пландоо жана куруугу коюлган расмий талаптарды билип алыңыз. Ушундай өзгөрүштөргө уруксат алуунун жеңилдетилген тартибин карап чыгыңыз. Бирок, ошону менен катар алардын ичинде тыюу салынган учурлар да бар экенин эске алыңыз.

3-кадам: Техникалык шарттар

Батирдин дизайн-долбоорун жасап отуруп, сыналгы, телефон, интернет кандай кошуу керектигин алдын ала ойлонуңуз. Долбоордо зымдарга арналган орунду белгилеп коюңуз. Бир жана эки розетканын (алар ар дайым жетишпейт) жана ажыраткычтардын орун алчу жерин ойлоштуруңуз.Розетканын түрүн милдеттүү түрдө көрсөтүңүз-телефон, сыналгы жана башка нерселер үчүн. Долбоорго бардык керектүү майда-чүйдө деталдардын баарын кошуңуз. Батирде жарык жетиштүүбү, канча шам жана люстра керек болот деген сыяктуу жарыктандыруу мүмкүнчүлүктөрдү караштырыңыз. Төбөдөгү шамдарды гана караштырып койбой, ошондой эле-бра, чоң шамдар заманбап стилге шайкеш жарыктандыруу системаларында долбоорлоңуз. Акыркы оңдоо иштерине баардык керектүү параметрлерди көрсөтүлгөндөн кийин техникалык тапшырыктарды аласыз. Эми сметаны жасап, ишке киришүү гана калды.

4-кадам: Интерьер

Долбоордо тематикалык топтомолор жардам берет. Эмне жагат баардыгын бир папкага жыйнаңыз да, аны шашпай отуруп карап чыгыңыз. Бир нече убакыттан кийин анын ичинен эмне керек экенин түшүнө баштайсыз. Бул жерге мисалы, интерьер журналдарынан чыккан фотосүрөттөр, эмерек каталогдорунун беттери, сайттан басылып чыгарылган чыгарылыштар, кездеме менен туш кагаз бөлүктөрү, фурнитура үлгүлөрү менен боёктору, аксессуарлар коюлушу мүмкүн. Андан кийин жалпы стилди, долбоордун негизги идеясын аныктап алыңыз. Мүмкүн болушунча негиги багыттарды тандаган жөн (мисалы, прованс, ар-деко, хай-тек же болбосо этникалык стиль). Тандалгандан соң гана аны бөлүктөргө бөлсөңүз болот. Боёктор менен же турлүү түстүү карандаштар менен бир нече чиймелерди чийиңиз (бул визуализация деп аталат). Ушундай жол менен негизги жана кошумча палитраны тандоого жеңил болмокчу. Түстөрдү тандоодө күмөн жаралганда ал түстү айкалыштырууда атайы пантондор сизге жардамга келет. Бири-бирине түстөрдү шайкеш келтирүү үчүн атайы онлайн кызмат аркылуу ишке ашырсаңыз да болот.

5 кадам: Эмерек

Долбоорду ишке ашыруу маалында батирдин үнөөмдулүгү менен жайлуулугуна жакшы көңүл буруңуз. Үйдү бөлмөлөргө бөлүүдө баардыгын ойлоштуруңуз. Стилиңизге шайкеш эмуректи, текстилди жана ар бир бөлмөгө аксессуарды таңдап алыңыз. Заттарды сактоого ыңгайлуу орундарды- шкафтарды, текчелерди караштырыңыз. Долбоор менен салыштырыңыз да эшикти ачкан кезде эмрекке тийбегендей кылып, бөлмөлөрдө бош орундар кала тургандыгына да көз жеткизиңиз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!