Мектептеги бүтүрүү кечесинин күнү белгиленди

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 17:58

Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги бүтүрүү кечелеринин күнүн белгиледи. Бул тууралуу 3-майда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

9-класстын бүтүүрүчүлөрүнө жалпы орто билими тууралуу күбөлүктөрдү тапшыруу иш- чаралары 2018-жылдын 20-июнунда саат 10:00дө өтөт.

Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы негизги билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи 2018-жылдын 23- июнунда саат 10:00дө өтөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, иш - чаралар мектептин аймагында өтүшү керек. Иш-чараларды көңүл ачуучу же жаратылыш койнуна барып, өткөрүүнү тыюу салат. Ошондой эле мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чаралар өткөрүү үчүн, ата-энелер тарабынан акча каражаты чогултулганына да чектөө коюлат.

Буйрукка ылайык, мыйзамсыз акча чогултуулар үчүн класс жетекчилер , директорлор жумуштан бошотулганга чейинки жоопкерчиликке тартылышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!