9-май күнү бир нече көчөлөр жабылат

8-Май 2018, Шейшемби, 10:05
9-майда Жеңиш күнүнө карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жеңиш күнүнө карата уюштурулган “Өлбөс полк” жөө жүрүшүндө коомдук тартипти милиция кызматкерлери камсыздоо максатында шаардык милиция бир нече көчөлөр жабыларын маалымдады.

Майрам күнү:

Масалиев көчөсүнөн Байтик Баатырга чейин,

Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүнүн Масалиевден Фрунзеге чейинки аралык;

Фрунзе көчөсү Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейинки аралык;

Шопоков жана Ибраимов көчөлөрү Чүйдөн Жумабек көчөсүнө чейинки аралыгына убактылуу чектөө киргизилет.

“Өлбөс полк” жүрүшүнө катышуучулар тыкыр көзөмөлгө алынып, спирт ичимдиктерин, фейерверк, өзүн коргоочу ок атуучу курал куралдын бардык түрүн, жанына алып жүрүүгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, жөө жүрүш шаардын “Түштүк дарбазасында" 9-майда, саат 9:00дө тизилүү башталып, саат 10:00дө старт алат. Жүрүш Совет көчөсү менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко чейин уланмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!