Жер астынан чыккан жылуу суу (фоторепортаж)

11-Авг. 2017, Жума

Минералдык жана арашан суулар кыргыз элибиздин саламаттыгын чыңаш үчүн кеңири пайдаланылып келет. Ысык-Көл жер астынан чыккан минералык жана арашан сууларга бай аймак. Бул аймакта азыркы кезде 25тен ашуун булактардын чыккан жери белгилүү. Алардын көпчүлүгү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Алардын арасында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы жер астынан чыккан жылуу сууну айтсак болот.

Чоң-Өрүктү айылында жайгашкан «Дельфин» эс алуу жайы учурда туристтер эң көп барган жер болуп эсептелет.

Бул эс алуу жайына күнүнө 200дүн тегерегинде эс алуучулар келет. Көбүнчө чет өлкөдөн жана Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан келгендер арбын.

Эс алуу жайындагы отургузулган түркүн-түстүү гүлдөр.

Келген эс алуучуларга эскертүү илинген плакат. Расмий тилде жазылганын көрүүгө болот.

Эстелик үчүн сүрөткө түшкөн селки.

Минералдык суу атайын КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин лабораториясынан 2005-жылы текшерилип, көптөгөн ооруларга даба экендиги аныкталган.

Дарылык касиети бар жылуу суу 1697 метр тереңдикте ысык жана муздак болуп бөлүнүп, өз-өзүнчө чыгат.

Аялдар жана эркектер үчүн кийим которуу жайы.

Өзгөчө жылуу сууга кышында келгендер көп болот. Ачык асман алдында, айланада аппак кар башкача сезим калтырат.

Жылуу суу куюлган бассейнге түшүү ар бир адамга саатына 200 сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!