Бишкекте өтмөктөрдүн бири ачылды (фото)

12-Сен. 2017, Шейшемби, 09:42

Кечээ, 11-сентябрда Бишкектеги Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде орун алган жер астындагы өтмөк оңдолуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Өтмөктүн ачылышына мэр Албек Ибраимов жана шаар тургундары катышты.

Аталган өтмөк 1978-жылы курулган.

Мэрдин айтымында, өтмөктү оңдоо иштери ушул жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери соңуна чыгып, жакынкы күндөрү октябрь айына чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандусттар орнотулмакчы.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!