Дайынсыз болуп жаткан чабандар табылды

5-Окт. 2017, Бейшемби, 11:14

Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан 8 чабан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-сентябрда Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кар көп жаагандыгына байланыштуу Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары 3 короо кой, 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан. Дайынсыз болуп жаткан чабандар кечээ, 4-октябрда саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келишип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатырын тигип, жайгашышкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат беришкен.

“Кечээ кечки саат 23:30да ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 5 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 4 адам, Бакай-Ата районунан 1 адам (тууганы) жана 3 айдоочу 2 оор жүк ташуучу унаа менен Талас облусунун Кара-Буура районунан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына чыгып кетишти”,-деп айтылат билдирүүдө

Эскерте кетсек, чабандарды издөө иштерине жалпысынан 29 куткаруучу жана жергиликтүү 11 адам тартылган.

Фото: интернеттен алынды, окуяга тиешеси жок.

.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!