Өлүмгө себепкер айдоочу эки айга камалды

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:23

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров өлүмүнө себепкер КамАЗдын айдоочусу 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унааны айдоочусу 1992-жылы туулган Т.А., атуу жаранга баш коргоо чарасы аныкталып – 1-СИЗОго эки айга камакка алынган.

«Аталган чечим Биринчи май соту тарабынан кабыл алынган. Ошондой эле бир катар экспертиза жүргүзүү дайындалып, ал 10 күндүн аралыгында чыгат»,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 7-октябрь күнү таңкы саат 7:30дарда Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы «КамАЗ» менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен улам алган жаракатынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу каза болгон. Маркум Темир Жумакадыров буга чейин Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалгандыгына байланыштуу ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Ал эми кырсыкка кабылган КамАЗдын айдоочусу Бишкекти көздөй буудай тартып келе жаткан. Окуя болгон жерде ал айдоочуну жергиликтүү медицина кызматкерлери жана Бишкектен дагы анын спирт ичимдигин ичип-ичпегендигин атайын текшергенде, ал соо болуп чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!