Мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:07

Нарында мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу 15-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Алардын маалыматты боюнча, аталган мекеменин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан Соң-Көлдө жүргүзүлгөн рейдде 4 даана моторлуу кайык жана узундугу 100 метрден болгон 50 даана кытай торлору табылган. Ошондой эле Жумгал районунун Кызарт айылынын тургундары Д.А менен З.М уулу 52 даана пелядь жана сига-ладуга балыктары менен кармалган.

“Браконьерчилик менен алектенгендерге инспекторлор тарабынан тийиштүү акт, протоколдор толтурулуп, өз билемдик менен сууга мыйзамсыз салынып келген торлорду жок кылышты. Тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына жиберилди»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!