Дэвид Бекхэм косметикага катуу көңүл бурууда

Дэвид Бекхэм косметикага катуу көңүл бурууда
18-Янв. 2018, Бейшемби, 16:53

Дэвид Бекхэм жубайы Виктория сыяктуу мода дүйнөсүнө киришүүдө. Ал жигиттерге мыкты көрүнүүгө жардам берүү максатында, өз-өзүнө күтүүгө арналган косметикалык каражаттарды чыгарууга киришти.

“House 99” деп аталган иш жөн гана коммерциялык долбоор эмес, чыныгы эркектерге арналат.

Ал эми эмнеге 99? Футболчунун чыныгы күйөрмандары жакшы билет, 1999-жыл анын жашоосунда өтө маанилүү жылдардын бири. Анткени, ошол жылы "Манчестер Юнайтед" командасы Англия Кубогы менен “UEFA” Чемпиондар Лигасын жеңип алган эле. Анын үстүнө атактуу футболчу үйлөнүп, тунгуч уулу Бруклин төрөгөн.

“House 99” бренди чач үлгүсү менен азыр трендке айланган сакал коюу ыкмасын жогорку деңгээлде жасоо үчүн кол учун берет.

"Мен үчүн эркек кишиге өзүн-өзү күтүү өтө маанилүү. Ал сиздин келбетиңиз менен эле чектелип калбайт. Ошол эле маалда ички дүйнө менен сырткы келбет бири-бирин толуктап, ишенимдүүлүк пайда болот", – дейт Дэвид. Бекхэмдин чыгарган каражаттары дүйнө боюнча 19 өлкөгө сатылат. Анын ичинде крем, сакал үчүн бальзам, түссүз помада жана башка өзүн край билген эркектерге арналган каражаттар камтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!