Газ куючу жай өмүргө коркунуч жаратууда

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:10

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан газ куюучу жайы жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик иснпекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Базар-Коргон айыл өкмөтүндө, Бишкек-Ош жолунун жээгинде жеке ишкер Т.Алибаев, эч кандай уруксат кагаздары жок, өрт коопсуздук талаптырын одоно бузуп, Көк-Тонду аттуу газ куюучу жайын иштетип келген. Буга чейин Мамэкотехинспекция тарабынан Көк-Тонду газ куюучу жайы текшерүүгө алынып, олуттуу кемчиликтерден улам иши токтотулган.

"Газ куюучу жайын жеке ишкер өз билемдик менен куруп алган. Инспекторлор тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү такыр аткарган эмес. Техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыктан, газ куюу жайында түрдүү кырсыктар катталып кетүүсү толук мүмкүндүгүн адистер кошумчалайт. Бүгүнкү күндө жеке ишкер Инспекциянын койгон талаптарына баш ийбей, ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгы аныкталды",-деп айтылат маалыматта.

Учурда Мамэкотехинспекция тарабынан Көк-Тонду газ куюучу жайына байланыштуу бардык иш кагаздары чогултулуп, мыйзам чегинде катуу чара көрүү үчүн материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтына өткөрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!