Дубайдай "акылдуу шаар" болобузбу?

15-Фев. 2018, Бейшемби, 17:29

Премьер-министр Сапар Исаков 10-февралда Бириккен Араб Эмиратына дүйнөлүк өкмөттөрдүн саммитине катышуу алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин ханзаадасы баш болгон жетекчилер менен жолуп келди. Тактап айтканда, Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян, Фуджейра эмиратынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки жана Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр баш болгон жетекчилер менен жолуккан.

Ошондой эле кыргыз премьер-министри Дубайдагы бир катар ишкерлер менен да жолукту. Маалыматка ылайык, Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар, «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун, «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугуп, өкмөт башчы Кыргызстандагы бизнес үчүн түзүлүп жаткан шарттар жөнүндө маалымат берип, араб ишкерлерин инвестиция салууга чакырган.

Андан сырткары, Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана «Акылдуу шаар» коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологиярды колдонулушу менен таанышып, Кыргызстанда «Акылдуу шаар» проектисин ишке ашырууга тажрыйба алмашуу максатын көздөй тургандыгын билдирген.

«Бул долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсактардын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп күтүп жатабыз. Шаарларда камераларды жана башка технологияларды орнотуу-учурдун талабы», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полициясынын штаб-квартирасынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу жана кызматташуу суроолорун деталдуу талкулоо үчүн Кыргызстанга чакырган.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун мындай кадамдарын эксперттер кандай балашууда?

Экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев Өкмөттүн азыркы кылып жаткан кадамдарын туура кадам деп эсептейт. Анткени, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу замандын талабы.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Анын айтымында, Кыргызстан бир күндө эле акылдуу шаар болуп кетпейт. Бирок, ошентседа акырын-акырындан өлкө ичиндеги шаарлар бул системага өтүшү керек. Себеп, өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашып калса, анда келечекте өлкөдөгү көмүскө экономикаларды ачыкка чыгарып, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана коомдун коопсузудугун камсыз кылууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, мунун бары бул тармакта иштегендердин айлык маянасынан көз каранды болот.

“Дубайда өткөн Дүйнөлүк өкмөттөрдүн саммитине өкмөт башчы Сапар Исаковдун өзүнүн барганы абдан жакшы болду. Анткени, Сапар Исаков ал жакта дүйнөгө таанымал коппаниянын өкүлдөрү менен азыркы өкмөттүн багыт алган “Таза коом”, “Кырк кадам” жана “Акылдуу шаар” деген долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Башкача айтканда, өкмөт башчы ал жакта биздин мына мындай долбоорлорубуз бар, ошолорго инвестиция салгыла деп, аларды бул жакка чакырып келди. Бул жакшы көрүнүш. Себеп дегенде жолугушуулардын арты менен бул жакка Дубайдан ишкерлер келип, инвестиция салса жакшы. Негизи өкмөт башчыны Дубайда шейхтер жакшы кабыл алды. Ошондуктан жолугушуудан кийин бул долбоорлордун коопсуз шаар, туризм, энергетика, айыл чарба багытары боюнча ишке ашса, жемиштүү болот”,- дейт Акенеев.

Ал эми саясий серепчи Бакыт Бакетаев өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруусу жакшы. Бирок, бул долбоорду ишке ашыруудан мурда кыла турган бир топ иштер бар экенин белгилейт.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Анын айтымына караганда, “Акылдуу шаар” деп эле шаардын ар кайсы жерлерине камера илип коюу менен маселе чечилбейт.

“Бизде “Акылдуу шаар” болуш үчүн Дубайга окшоп жолдорубуз бардык жагынан талапка жооп бериши керек. А бизде Бишкектин көчөлөр тар жана кир, ылай. Анысы ас келгенсип жолдорубуздун көбү жабык жана асфальтанган эмес. Анан ушундай шартта жүргөн унаалардын номери көрүнбөй калат. Ошондуктан биз көчөлөргө камера илип койгонубуз менен жол эрежесин бузган унааны аныктай албайбызда. Аныктасакда, унаалардын ишеним кат жок болгондуктан бир эле унааны бир канча адам айдап жүргөндүктөн айып пулду ким төлөөрүн билбейсиң. Ошондуктан бул жакта маселе көп. Мындан улам Жогорку Кеңеш бул боюнча мыйзамды кайра карап чыгышы керек. А Кытайдын “Huawei” компаниясына көчөлөргө камераларды илгиле десек, алар бир айда эле көчөлөргө камераны жайнатып илип салат”,- деп белгилейт Бакетаев.

“Ошондой эле өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун Токмок жана Кара-Балта шаарларында сынап көрүп, анан Бишкек менен Ошто ишке ашырса туура болмок”, -деп кошумчалап кетти ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!