​Таанымал түрк актери өзүнөн 20 жаш кичүү кызга баш кошту

15-Март 2018, Бейшемби, 21:42

Түркиянын атактуу актери Озджан Дениз өзүнөн 20 жаш кичүү кызга баш кошкон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, актердун жубайы Фейзи Актандын 7 айлык боюнда бар. Болочоктогу ымыркайына эмитен ысым тандашып, атын Гюзей коюшмакчы.

Белгилей кетсек, Озджан Дениз 1972-жылы туулган. Түркияга гана эмес Азия жана Еврпага дагы таанымал актерлордун бири. Жубайы Фейзе менен ушул жылдын 8-мартында расмий баш кошкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!