Жээнбеков Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

17-Март 2018, Ишемби, 14:23

Бүгүн, 17-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы жана 2010-жылы Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюп, куран окуду.

Ал эми Өкмөт башчы жана Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында орун алган Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!