ЕБден чыгуу жараянына уруксат берилди
Британ парламенти өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэйге Европа биримдигинин (ЕБ) курамынан чыгуу иштерин баштоого расмий түрдө уруксат берди.
Бул боюнча Улуу Британия ТИМинин башчысы Борис Жонсон “тарыхый чечим кабыл алынганын” билдирди.
"Биз ЕБден чыгып жатабыз, бирок Европаны таштап кеткен жокпуз. Континенттин өнүгүүсүнө дайыма салымыбызды кошуп келгенбиз жана кошо беребиз”,-деди ал.
Улуу Британиянын ЕБдин курамынан чыгуусун колдоп парламенттин 498 депутаты добуш берсе, 114тү каршылыгын билдиришти. Буга чейин өлкөнүн Жогорку соту өкмөттөн “брекзит” тууралуу чечим боюнча парламентте колдоо табууну талап кылган.
Жакында премьер Тереза Мэй уюмдан чыгуу процессин тартипке салган ЕБ макулдашуусунун 50-беренесин колдонуу тууралуу Брюсселге билдирүү жөнөтөт. Буга чейин эксперттер жараян толугу менен эки жылдык убакытты талап кылышы мүмкүн деп болжолдоп жатышкан, бирок чынында анын канчага чейин созулары белгисиз: ЕБдин тарыхында буга чейин бул берене таптакыр пайдаланылган эмес.
Улуу Британия ЕБдин курамынан чыгуу боюнча референдумду 2016-жылдын июнунда өткөргөн. Анда демилгени британдыктардын 52 пайызы (17,41 миллион киши) колдосо, 48 пайызы (16,14 миллион киши) каршы добуш берген.
Кабар борбору