Украинадан улам Россия сынга кабылды
АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Никки Хейли Россияны Украинанын чыгышындагы аракеттеринен улам сынга алды.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы өнүгүүлөрдү талкуулаган отурумда сөз сүйлөгөн Хейли январь айына бери аталган өлкөнүн чыгышында болуп жаткан көрүнүштөргө Россияны жоопкерчиликтүү деп эсептеди.
“Алгачкы жыйында Россияны кол салууларынан улам сынга алууга аргасыз болуп жатам. Россия менен байланыштарыбызды өнүктүргүбүз келет. Бирок Украинанын чыгышындагы кооптуу абалды айтууга аргасыз кылып жатат. Жаңжал күчөп миңдеген адамдарга таасир этүүдө. Инфраструктуралар зыянга учурап жатат”,-деген Хейли Россияны Украинадагы кыйноолорду токтотууга чакырды. Ошондой эле БУУнун өкүлү Крым Украинага кайтарылбаса Россияга киргизилген санкциялар алынбайт турганын эскертти.
Украинаны БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко жана Россиянын аталга уюмдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин отурумда бири-бирине айыптоолорду жолдошту.
Ал эми Чуркин Украинаны эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу, АКШнын жаңы бийлигинин колдоосуна ээ болуу үчүн зомбулуктарды күчөтүп жатканы менен айыптады.
Мээрим Искакова