Кайсы убакта кандай азыктар пайдалуу?
Ар нерсенин өз маалы жакшы демекчи, тамак-аштардын пайдалуулугун сиңирип алуу үчүн өз убактысы менен тамактанса жакшы. Биздин күнүмдүк рациондо көп колдонулган эт, жашылча-жемиштер, быштак жана башка азыктарды кайсы маалда жесек көбүрөөк пайдалуу болоору туурасында кеп кеңештерди сунуштамакчыбыз.
Кара шоколад
Эртең менен- организмге керектүү делген антиоксиданттар менен камсыз болуп, картаюну жайлатып, жүрөктүн согушун нормалдаштырат.
Кечкисин- бир күндө 25г ашык кара шоколадды жеп алса организмге ашыкча май топтолот.
Эт
Күндүз- эттин курамы темирге бай болгонудуктан, ал клеткаларды аба менен камсыз кылат. Ошону менен ал түрдүү ооруларга бөгөт коюп, чарчоодон арылтат.
Кечкисин- этти сиңирүү үчүн организмге 5 сааттай убакыт кетет. Кечкисин жеп алуу менен ашказан, ичеги карынга терс таасир тийгизесиз.
Жаңгак
Кечки түштөнүү маалында- 30 грамм куурулбаган бир ууч жер жаңгак жакшы сиңип, организмге керектүү делген Омега-3 кислотасы менен толуктайт. Ал кан тамырлардын тонуста болуусун жана бронханын жакшы иштөөсүн, кан басымдын нормалдашуусуна жардам берет.
Кечкисин-Ашыкча салмак кошуу коркунуу келип чыгат.
Апельсин
Түшкү тамактан кийин- ашказан ичеги органдарынын активдүү иштөөсүн, зат алмашуу процессин тездетет.
Таң эрте-ойгоноор замат ачкарын апельсин жеп алуу аллергияга, ашказандын кычкылдануусуна жана ошондой эле гастриттин пайда болуусуна алып келет.
Гречка
Түшкү тамак-Курамы татаал микроэлементтерге бай болгондуктан, организм аларды сиңирүү үчүн кошумча күч жумшайт, жыйынтыгында ашыкча салмактан арылууга жол ачат.
Кечкисин- ашказандын сиңирүү системасы жай иштей баштайт. Ошондуктан организм күчтүү тамакты сиңирүүгө жетишпей калат.
Кесме
Түшкү тамактануу убактысы- кесме бул буудайдан жасалгандыктан, курамында клетчатка көп кездешет. Ал организмди токсиндер жана уулуу заттардан тазалайт. Ошону менен бирге аз өлчөмдөгү гликемикалык индекс (40) диабет оорусун пайда болуусун алдын алат.
Кечкисин- кесмелер эт менен кошумча тамак(гарнир)катары берилгендиктен, кечки аштын майлуулугун арттырат. Ошого байланыштуу азыраак колориялуу жана сиңимдүү тамактарга орун берген оң.
Кабачки
Кечки маалда- түшкүсүн канчалык күчтүү тамактансаңыз да клетчаткага бай болгондуктан ичеги карынды жакшы тазалайт.
Эртең менен- таң эрте организм сууга муктаж болот. Ал эми кабачок заара чыгаруучу касиетке ээ болгондуктан, эртең менен жесеңиз суусатып, организмдин кургоосуна алып келет.
Помидор
Эртең мененкисин- помидордун курамындагы органикалык кычкылтек тамак сиңирүүдө активдүү иштейт, ашказан жана ичеги карындын иштөөсүн тездетет.
Кечинде- анын курамындагы щавель кычкылтеги суу жана туз алмашуу процессине терс таасир тийгизет. Ошону менен бирге шишиктин пайда болуусуна алып келиши мүмкүн.
Картошка
Эртең менен- картошка крахмалы кандын курамындагы "терс" холестириндердин пайда болушуна бөгөт коет. Картошканын өзү организмге колдоо көрсөткөн минералдарга бай.
Түштөн кийинки убакта-башка жашылча жемиштерге караганда, картошканын каллориясы 2-3 эсе көп, ошондуктан түшкү тамактан кийин аны менен тамактанбаган оң.
Банан
Түшкү маалда- зарна болуудан сактоочу, сиңирүүнү жакшыртуучу көптөгөн булалардан турат.
Кечкисин- банан кечки тамактанууда былжырдын пайда болушуна алып келип, ашказандын сиңирүү системасын бузат.
Быштак
Кечкисин-сиңирүү системасына жагымдуулук тартуулайт.
Эртең менен- айрыкча көп сасык тумоолоп калгандарга сунушталбайт, себеби былжырдын пайда болушуна алып келет.
Алма
Эртең менен-алманын кабындагы көп сандагы пектиндин болуусу ичеги карындын ишөөсүнө тоскоолдук жаратып, канцерогендерди жок кылат.
Кечкисин -ашказанды кыжылдатып, жагымсыздык алып келет. Ошону менен бирге эле кечки убакытта пектинди сиңирүү кыйын болот.
Сыр
Таңга маал- аз мерчемде колдонуу менен ичтин көбүүсүнөн жана ашыкча салмак кошуудан сактайт.
Кечкисин- сиңирүү оор болгондуктан ичеги карындын жабыркап калуу коркунучу туулат.
Кант
Эртең менен-колдонулган кантты ээритүү оңой болот.
Кечкисин- кант сиңирүү системасынын иштөөсүн бузат, уйку качып, фигуранын бузулушуна алып келет.
Күрүч
Түшкү тамактанууда-күрүчтүн курамындагы жогорку карбонгидрат бүтүндөй күн бою энергия тартуулайт.
Кечкисин- ашыкча салмак кошот.
Фарида Жумакадырова