Трамп Иранды номер биринчи террорист өлкө деп атады
АКШнын президенти Дональд Трамп “Иран биздин өлкөнү эч эле сыйлабайт. Ал номер биринчи террористик мамлекет болуп саналат. Ал каражатын куралданууга багыттайт”,-деди жекшемби күнкү “Fox News” телекомпаниясына берген маегинде.
Тегеранга санкциялар аркылуу мамиле кыларын убада кылган америкалык лидер “Биз эми ушундай кылууга кириштик”,-деди ал. Ошону менен Трамп эми өзнүнү аракеттери тууралуу алдына ала эскертпей турганын айтты.
“Барак Обаманы Мосул жана башка жерлерге аскерлерди жиберип жатканын алдына ала эскерткени үчүн дайыма сындачумун. Алар күнүн жана убактысын билдирип турушчу. Мен эч качан ага ишенчү эмесмин”,-деди АКШнын президенти.
Мээрим Искакова