Жон Фрэнсис Келли: Мексика дубалы 2 жылда бүтөт
АКШнын Ички коопсуздук министри Жон Фрэнсис Келли өлкөдөгү “Fox News” каналына берген маегинде президент Дональд Трамп Мексика чек арасына салына турган дубалга маани берип жатканын айтты. Анын курулушу жакында башталып, эки жылда бүтүп каларын кошумчалады.
Бул иштерге жумшала турган каржы булактары боюнча АКШнын Конгресси чечим кабыл аларын билдиргени менен чыгымды Мексика тарап төлөйт деген Трамптын сөзүнө түшүндүрмө берген жок.
Дубалга кеткен акчаны алгач Федералдык өкмөт төлөрүн айткан АКШнын президенти бул каражат Мексика өкмөтүнөн алынарын билдирген. Ал эми Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето буга каржы бөлбөй тургандыгын бир нече ирет кайталап келет.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти кызматына келери менен мыйзамсыз миграцияны чектөө, чек ара коопсуздугун күчөтүү боюнча мыйзамдарга кол койгон.
Мээрим Искакова