“Оскар”дын рейтинги эң төмөнкү деңгээлге жетти

6-Март 2018, Шейшемби, 10:41

Алдын ала эсептөөлөр начар көрсөткүчтү көрсөтүүдө. Сыйлык тапшыруу аземи көрөрмандардын купулуна толгон жок.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, үч саатка созулган иш-чарада “Оскардын” рейтинги 2017-жылга караганда 16 пайызга төмөндөгөн. Акыркы эсептөөлөрдөн кийин ажырым мындан да көп болушу мүмкүн.

2017-жылы сыйлыкты тапшыруу салтанатына 32,9 миллион көрөрман көргөн болсо, ал эми 2008-жыл экинчи эң төмөн көрсөткүчкө ээ. Анда 31,8 миллион адам көргөн.

Эң көп көрөрман топтогон «Оскар-2014» болуп саналат. Анда башкы сыйлык үчүн «Гравитация», "12 лет рабства" жана "Далласский клуб покупателей" картиналары ат салышкан. Андан кийин салтанаттын рейтинги төмөндөй баштаган. Болжол менен быйыл да бул салт уланат.

Мындай жыйынтыкка эки нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчиден, интриганын жоктугу, ал эми экинчиден аземди экинчи жыл катары менен — Джимми Киммел алып барганы. Бул абалды «Дюнкерк» жана « Прочь» сыяктуу негизги номинациядагы фильмдер да сактап кала алган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!