​Жүк ташуучу унаа кулап, айдоочу каза болду

​Жүк ташуучу унаа кулап, айдоочу каза болду
15-Март 2018, Бейшемби, 10:26

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 353-чакырмында жүк ташуучу унаа кулап, айдоочусу каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-март күнү саат 20.30дар чамасында Кызыл-Бел ашуусунда болгон. “Volvo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжада машина жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!