Бүгүн, 27-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6...+1, күндүз +21...+26;
Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28;
Баткен дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +0...+5, күндүз +19...+24;
Бишкек шаарында 27-28-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +24...+26 градус жылуу болот.