«Убакыт» жайлуу сөз козгогон акылман да ойчул да көп. Убакыт, махабат жана байлык көптөгөн кылымдар бою башкы тема болуп келет жана кала бермекчи. Сиздерге убакыт тууралуу 12 маанилүү насаат сунуштайбыз:
1. Жумушка убакыт табыңыз-ал табыштын ачкычы.
2. Ойлонууга убакыт бөлүңүз-күчтүн кайнар булагы ойдо.
3. Оюнга убакыт табыңыз-ал жаштыктын сыры.
4. Окууга убакыт бөлүңүз-илим-билимдин ачкычы.
5. Динге убакыт бөлүңүз- ал адам болууну сактайт.
6. Достукка убакыт бөлүңүз-ал бакыттын бөлүгү.
7. Махабатка убакыт бөлүңүз- ал өмүрдүн өзгөчө сыйы.
8. Кыялга убакыт бөлүңүз- ал жан дүйнө азыгы.
9. Күлкүгө убакыт бөлүңүз - ал өмүр кыйындыктарында жардам берет.
10. Сулуулукка убакыт табыңыз- сулуулук ааламды сактайт.
11. Ден соолукка убакыт бөлүңүз-ал эң баалуу аманат.
12. Келечекти пландоого убакыт бөлүңүз-ал ушунун баарын жасоого жардам берет.