Кыздар көрүп ыйлап жибербегиле

Кыздар көрүп ыйлап жибербегиле
10-Авг. 2017, Бейшемби

Көпчүлүк пияз тураган кезде көздөрүнөн жаш агып ыйлап отурушат. Пиязды тураган кезде көз ачышпай, ылабоонун бир нече ыкмасын сунуштамакчыбыз.

1.Пиязды тураган кезде сагыз чайнап отурсаңыз көзүңүздөн ачышпайт.

2.Пиязды туроочу тактайга туз сееп, себилген туздун үстүнө пиязды коюп турасаңыз да болот.

3.Пияз аарчыган кезде оозуңузга суу толтуруп алып да турасаңыз болот...

4.Пияз турар кезде кашыңызга май шамын күйгүзүп коюп тураңыз.. Бул жерде албетте май шамга акча кетирбейм, андан көрө көзүм ачыша берсин деп ойлогондор да чыгат. Бирок ачышпасын деген ыкмалардын бири. Ал эми аны жасоо же жасабай коюш ар кимдин өз эрки.

5.Пиязды туураган кезде бычагыңызды кайра-кайра муздай сууга салып турасаңызда болот экен...Жасап көрүңүздөр...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!