Адам – коомдун эмгек күчү. Анын эмгеги менен эмгек кылуу ыкмасы түрдүү багытта болот. Буга жумуш жасоо убактысы кирет. Бир күндүн (24 сааттын) сегиз сааты адамдын жумуш иштөөсүнө, сегиз сааты эс алууга, сегиз сааты түрдүү иш-аракеттерге бөлүнөт. Бул көнүмүш жагдай. Бирок ушул сааттарды туруктуу эмес, ар кандай пайдаланып келебиз. Ошонун кесепетинен адамда алсыздык пайда болуп, жумушка деген каалосу өчө баштайт.
Дүйнөдө эки түрдүү багытта жумуш жасоо түрү бар. Күндүз жана түндө. Ошону менен түндө жумуш жасоо канчалык зыян же пайдалуу?
Зыяны түндө жумуш иштөө негизинен кооптуу. Анткени адам организми түндө негизинен жумуш иштөө тартибин токтотот. Болгону мээ түндө жумуш иштөөгө белгилүү бир өлчөмдө гана тапшырма берет. Бул – аракет адам баласынын ички механизми. Түндө жумуш иштөө учурунда адамдын кайраты менен эрки алсырап, анын чарчоосу көбөйөт.
Ал эми чарчоонун көбөйүүсү түндө гана эмес, күндүз да жумуш жасоого тоскоолдук болусу мүмкүн. Дүйнөлүк жагдайларга байланыштуу эки учур да тең жумуш жасаган адамдар үчүн бул убакыт өтө кооптуу.
Кызыктуусу түндө жумуш жасоонун пайдасы да бар. Түндө жумуш иштөө учурунда жумушуңуз тез жана толук аяктайт. Себеби кечкисин шаардын ызы-чуусу тынчып жана адамдардын алаксытуусу аз болот. Бир сөз менен айтканда тынчтыкта отуруп ойлогон ишиңизди жүзөгө ашыра аласыз.
Түндө жумуш иштөө түрдүү жаңы идеяларды жаралышына себеп болот. Себеби күнү бою жумуш жасап, токтоосуз аракет кылган мээ кечки маалда өзүнө жыйнаган маалыматты сизге ошол калпында берип турат. Түндүн бир убагында кыймылда болуу, мээнин иштетүү көбүнчө чыгармачылык адамдарга таандык. Акындар менен жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун укмуштуудай чыгармалары караңгы түндө пайда болуп жатканы ушундан.
Эскертүү: түндө жумуш иштөөгө энергияңыз жетсе, күндүз эс алып алган жөн. Бул таңдан кечке чейин уктоо деген сөз эмес, жөн гана мээни эс алдыруу керек.