Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапары аяктады.
Эки өлкөнүн расмий делегациялары эл аралык «Манас» аэропортунда узатуу аземине катышты.
Иш сапар алкагында эки тараптын жетекчилери кыргыз-өзбек кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди талкуулап, олуттуу келишимдерге кол коюуга жетишти. Анын ичинен негизгиси болуп кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын делимитизациялоо болду.
Өзбек лидери Шавкат расмий иш сапары менен кечээ, 5-августта келген. Анын Өзбекстанга преиздент болгондон бери Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапары.