Бүгүн, 7-августта Жогорку Кеңеште жаңыдан шайланган өкмөт мүчөлөрү ант берип жатат.
Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышууда.
Премьер-министр Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөт мүчөлөрү 25-августта шайланган. Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкерлигин койгондугуна байланыштуу кызматын тапшырган.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында 28-чи өкмөт башчы болгон Сапар Исаков жетектеген жаңы өкмөт курамында сегиз министр алмашкан.