Ар бир адам адам ушундай жан азабын тартат десек, жаңылышпайбыз. Эртеби, кечпи айтор бири-бирибизди тарынтып алабыз. Кечирим да сурайбыз, “кечирдим” деп да айтабыз. Ошентсе да чындап кечирдиңизби?
Эгер ал адамды «кечирдим» дегенден кийин да ошол адамга таарынычыңызды досуңузга, курбуңузга, дагы башка жакындарыңызга айта турган болсоңуз, анда сиз аны кечирбегениңиз.
Кечирүү − адам үчүн гана эмес, өзүңүз үчүн да керек. Себеби болгон түшүнбөстүк абалды кайра-кайра элестете берүү энергияңызды, ден-соолугуңузду жабыркатып, керек болсо онкологиялык ооруларга да алып барышы мүмкүн экенин акыркы убакта адистер көп айтып жатышат.
Кантип кечирүүгө болот?
Лиз Бурбо, Александр Свияш, Луиза Хей сыяктуу психолог-жазуучулар ар түрдүү кечирүү техникаларын сунуштады. Булардан башка бүгүн мен сиздерди психоаналитиктер колдонгон «үч кат» деп аталган техника менен тааныштыргым келет.
Биринчи кат
Алгачкы кат өзүңүздү таарынткан адамга арналат. Мында сиз ага деген таарынычыңызды, көңүлүңүзгө катуу тийген сөздөрдү толугу менен ак кагазга түшүрөсүз.
«Эмнеге, кандай максат менен... мындай кылдыңыз?» деген формада суроолорду коюңуз.
Кат бир саатта же бир нече күн ичинде жазылышы мүмкүн. Аны адресатка жиберүүнүн кереги жок, оюңузда жолдоңуз.
Экинчи кат
Ошол катты алып, окуганын элестетиңиз. Окуп бүттү дегенден кийин, өзүңуздү анын ордуна коюп, анын атынан өзүңүзгө жооп катары кат жазыңыз. Таарынычтын себебин, эмнеге мындай болгонун түшундүрүүгө аракет кылыңыз. Бул кат биринчи каттан узунураак жазылышы мүмкүн. Жазып бүткөндөн кийин убактылуу бир жерге салып коюңуз. 1-2 күн өткөндөн кийин, аны почточунун эшикти каккылап алып келип бергенин элестетип, катты окуйсуз.
Үчүнчү кат
Акыркы катта сизди тарынткан адамды кечиргениңизди жана өзүңүздүн да андан кечирим сураганыңыз жазылат.