20, 30, 40 жашта инвестицияны эмнеге салуу керек?

20, 30, 40 жашта инвестицияны эмнеге салуу керек?
17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:43

20 жашта акчаны кайда жумшоо керек?

Билимге

“Кыштын камын жазда ойло” деп эл арасында айтылган сөзгө кулак түрүңүз. Алдыңызда жашоонун баардык кызыгы менен кыйынчылыгы күтүп турат. Сүрүнүп, жыгылбаш үчүн сизге ар дайым жардам болчу билим керек болот. Аны билиш үчүн гана эмес, тажрыйбада пайдалануу үчүн колдонуу керек экенин түшүнүңүз. Ошол себептен чөнтөгүңүздө калганды гана эмес, баардык тапкан-ташыганыңызды билбеген, үйрөнө элек жакка жумшаганыңыз оң. Алдамчы семинар, тренинг, курстарга эмес, пайдасы бар, кийин дагы ошол ишти аркалап кете турган окууга акча коротуңуз.

Эрте тапкан акчаңызды керектүү нерсеге салып турсаңыз, 5-6 жылдан кийин ушул аракетиңизге ыраазы болосуз. Азыр жаш үй-бүлөлөрдүн башкы маселеси үйлүү болуу маселеси экенин эске алсак, үй алууга акчаны ушул маалдан тартып жыйнаңыз. Ал эми эгер үй жагынан жардам берчи тарап болсо, унаага же башка дагы келечекте керектүү нерселерге жумшаңыз.

30 жашта акчаны кайда жумшаш керек?

Топтоп чогултуу

Ар бир үй-бүлөгө ар кандай кыйынчылыкта алты ай өмүр сүрүүсүнө жеткендей акчаны сактап коюу ашыкча болбойт. Жашоодо күтүлбөгөн нерселер көп болуп турат. Мисалы, күтүлбөгөн жерден жумуштан кыскартуу болшу мүмкүн, түрдүу кырсыктар болуп кетиши да ыктымал. Ошол себептен ашыкча акчаны сактап коюу зарыл.

Эгер жакын арада акча жумшоочу пайдалуу нерсе болбосо, банкка салыңыз. Канчалык жыйнайсыз ал өз каалооңуз менен эсебиңизге байланыштуу. Кайсы жерде болбосун, узак убакытка салынган акчанын пайдасы көбүрөөк болоорун эске алыңыз.

Жеке бизнеске

Бардыгын нөлдөн баштоонун кереги жок. Даяр компанияны сатып алууга жараган убактар да болуп калат. Мындай сунуштарды интернеттен көп таба аласыздар. Башкысы, ал бизнестин сизге тийгизер пайдасы бар жана келечеги кенен экенине көзүңүз жетсе болду. Даяр бизнести сатып алуунун жакшы жактары: даяр кызматкерлер жана кардарлар бар. Сиздин иштетип кетиш керек жагыңыз: рентабельдүүлүк; кадыр-барк; мыйзамга шай келген документтердин иретүү болуусу; Бизнес жакшы журүп турган кезде дагы киреше кирип турушу үчүн, аз ган тер төгөсүз деп айта албайбыз. Алгач бизнести болушунча ичи сыртын сезүүңуз кажет, кошумча жарнамаларга таянуңуз керек.

40 жашта акчаны кайда жумшаш керек?

Пенсияга

Мемлекеттин колдоосуна чыныгы оптимистер аракет кылышат. Бирок, жалаң гана пенсияны карап отуруп калбай, жашыңыз жеткенде да ишиңиз жүрүп, киреше алып келе турчу жолдорду караштыра жүрүңүз.

Картайган чакта кантип күн көрөм? Бул – жашыңыз 40ка таяп калганда милдеттүү түрдө ойлонуу керек болгон суроолордун бири.

Алтынга

Биз сөз кылчу нерсе зер буюмдар эмес. Зер буюмдардын куйма алтындан артыкчылыгы менен кемчилиги: мында зергердин эмгеги да бааланат, ошол себептен ашыкча акча төлөйсүз. Эгер алтынды топтош үчүн сактагыңыз келсе, анда алтын куймаларды, монеталарды тандаганыңыз оң. Жемишин карыганда көрөсүз.

Ипотекасыз кыймылсыз мүлккө

Жыйнаган акчаңызды сактоонун бир ыкмасы – кыймылсыз мүлк сатып алуу. Үйдү ижарага берүү аркылуу кошумча киреше тапса болот. Тактап айтканда, жыйнаган акчаңыз айланып жатат деп эсептеңиз. Башкысы сатып алаган келечекте үйүңүз бузулуп калбай турган үй болгону оң.

Ден-соолукка

35 жаштан баштап организм акырындап кыйрай баштайт. Ошондуктан, ага жаштык чактагыдан да жакшы күтүү керек. Инвестиция ар дайым тобокелге баруу менен коштолот. Бирок акчаны чөнтөккө басып, үйдө сактагандардын көбүнчөсү кол жууп калышкандары канча?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!