Эрке Эсмахандын күйөөсү кандай чындыкты айтты?

Эрке Эсмахандын күйөөсү кандай чындыкты айтты?
5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:31

Белгилүү тележурналист Асхат Садырбай биринчи жолу Эрке Эсмахан менен үй-бүлө куруп, кийин эки жаш түшүнбөстүктөрдөн улам эки жолго түшүшкөн. Экөөнүн ортосунда Муслим атуу уулу бар.

Экөө ажырашкандан бери мурунку аялы жана баласы тууралуу ооз ачпаган Асхат эми “Бактылуу аял" программасында буларды айтты:

"Эрке менен катташып турам. Ал өз алдынча бөлөк кеткен адам. Максаттары бар. Сүйгөн жигити да бар чыгаар. Мен ага бакыт гана каалайм. Ортобузда бир уул бар. Карым-катнашыбызды үзгөн жокпуз. Ажырашканыбызга канча жыл өттү. Мен эч кимге таарынбайм. Таарынган күндө да кечирем. Эрке убагында кандай маалыматтарды таратса да кечирдим. Ар бир аялдын табияты ушундай жаралган эмеспи. Ар кимге өзү көтөрө алган сынак берилет. Азыркы келинчегим Айганым жөнөкөй, казактын кызы. Ал мени жөнөкөйлүгү менен арбап алды. Бир көргөндө эле сүйүп калдым. Зейин аттуу уулубуз бар. Бир жарым жашта. Улуу уулум Мүслим алты жашка келди. Экөө азырынча кичинекей. Чоңойгондо бири-бири менен каташып калат деп ойлойм. Бир туугандар бири-биринен алыс кетишпейт чыгаар. Кан жибербейт го"-деди Асхат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!