​Элмирбек Иманалиев поэзия кечесин өткөрөт

​Элмирбек Иманалиев поэзия кечесин өткөрөт
9-Фев. 2018, Жума, 14:22

Төкмө акын, КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу Жаш калемгерлер тобунун мүчөсү Нуркыз Рыскул кызы Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, поэзия кечеси 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филамониясында саат 17:00дө башталат.

"Буга чейин Элмирбек Иманалиевдин күйөрмандары акындын төкмөлүк өнөрүнөн, обондуу ырларынан ырахат алып келсе, бул ирет анын калемине таандык поэтикалык чыгармаларынан эргүү алып кайтышат", - деди ал.

Кече "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу тарабынан уюштурулууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!