Кара Караевдин 100 жылдыгы белгиленди

9-Фев. 2018, Жума, 12:08

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Азербайджан элинин улуу композитору Кара Караевдин 100 жылдыгына арналган юбилейлик кечеси жана гала-концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Гала концертте Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова сөз сүйлөп, иш чараны ачып берди.

“Кара Караев дүйнөгө кеңири белгилүү композитор катары азербайжандын классик акын Низаминин “Жети сулуу”, “Лейли жана Мажнун”, Питер Генринин “Чагылгандын изи менен” балети, “Айна”, “Мекен”, “Назиктик” опералары өткөн кылымдын классикасы катары, азыркыга чейин дүйнөлүк музыка өнөр сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусунда",-деди ал.

Кара Караев мыкты педагог катары советтик музыкалык искусстводо ысмы аттын кашкасындай таанылган композиторлорду тарбиялап, залкар инсандарды музыкалык аренага алып чыкты. Алардын катарында СССР эл артистери Рауф Гаджиев, Арифа Меликова, Полада Бюльбюль оглы, Фирангиз Ализаде, белгилүү композиторлор Владимир Шаинский, Леонида Гуревич, ошондой эле кыргыздын белгилүү композитори, Кыргыз Республикасынын эл акртисти Жылдыз Малдыбаева да бар.

Кыргыз сахнасында анын классика айланган опералары, балеттери азыркыга чейин коюлуп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!