Чейрек финалдын жуптары аныкталды

Чейрек финалдын жуптары аныкталды
17-Март 2018, Ишемби, 02:08

Европанын футбол асссоциациялары бирлигинин (УЕФА) Швейцариянын Ньон шаарындагы кеңсесинде УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 1/4 финалында ойной турган клубдардын чүчү кулак кармашуусу өткөрүлдү.

Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка таянсак жыйынтык төмөндөгүдөй:

1."Барселона"( Испания)- "Рома"(Италия)

2."Севилья" (Испания)- "Бавария" (Германия)

3."Ювентус" (Италия)- "Реал" (Испания)

4."Ливерпуль" (Англия) - "Манчестер Сити" (Англия)

Чейрек финалдын биринчи оюндары 3-4-апрелде өтөт. Жооптук беттештер 10-11-апрелде болот. Чемпиондор лигасынынфиналы 26-майда Киев шаарында «Олимпийский» стадионунда өткөрүлөт.

УЕФАнын Чемпиондор лигасынын1/4 финалында ойной турган клубдардын боло турган күндөрүнүн ырааттамасытөмөндөгүдөй:

Алгачкы беттешүүлөр: 3-апрель (Шейшемби)

«Севилья» – «Бавария»

«Ювентус» – «Реал»

4 - апрель, Шаршемби

«Барселона» – «Рома»

«Ливерпуль» – «Манчестер Сити»

Жооптук беттештер.

10 – апрель, Шейшемби

«Рома» – «Барселона»

«Манчестер Сити» – «Ливерпуль»

11 – апрель, Шейшемби

«Бавария» – «Севилья»

«Реал» – «Ювентус»

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!