Бишкекте кандай өзгөрүүлөр болот?

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:40

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында борбор калаанын башкы планын талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүнд шаар куруу жана архитектура боюнча Мамлекеттик долборлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиев борбордук аймактарды камтыган башкы пландын жалпы түзүлүшү менен тааныштырды.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Анын айтымына караганда, шаардын борбору чыгыш жагынан Курманжан Датка – Шабдан Баатыр көчөлөрү, батыш жагынан Дооронбек Садырбаев менен Фучик көчөлөрү, түндүк жагынан Жибек Жолу, түштүк жагынан Ахунбаев көчөсү менен чектешет. Бул территориянын жалпы аянты 3 миң 540 гектарды түзөт.

Ушул эле институттун адиси Рысбек Көкөев башкы пландындын ичинде эмнелер каралагандыгына токтолуп, ал жогоруда кеп болуп жаткан аянтта социалдык, маданий жана башка имараттардын ордулары көрсөтүлгөндүгүн жана азыркы учурда бар имараттар менен келечектеги курулуучу жайлардын бардыгы көрсөтүлгөндүгүнө токтолду.

“Бул кварталдагы адамдардын азыркы жана алдыдагы өсүү санын эске алуу менен башка сандарды иштеп чыктык. Шаардын деталдуу пландарды ошонун негизинде жүргүздүк. Ага ылайык, аталган кварталда азыркы маалды 53 бала бакча болсо, келечекте дагы 77 бала бакча курулушу керек. Андан сырткары 45 мектептин үстүнө 15 мектеп кошулушу зарыл”,- дейт Көкөев.

“Ошондой эле автоунаа токтотуучу жайлардын маселесин чечүү максатында үч деңгээлден беш деңгээлге чейинки унаа токтотуучу жайлардын ордуларын да белгилеп кеттик. Бул жайлар жөн жай эмес. Ошондуктан буга атайын коомдук жашыл аянттар деген түшүнүк киргиздик. Ошол жайгашкан жерлерди атайын айта турсак болсок. Мисалы, Манас менен Токтогул көчөсүнүн кесилининдеги УКС примэриянын астындагы унаа токтотуучу жайды үч эле деңгээлге көтөргөндө 500 унаа бата тургандай мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле жолдогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн кошумча айланма жолдор куруу сунушталган. Бул боюнча кечээ шаардын жети жеринен метро жүрөт экен дегендей туура эмес маалыматтар чыгып кетти. Андай эмес. Жердин үстүнөн жүрүүчү жеңил релистүү транспорт болот”,- деп кошумчалап кетти ал.

Бирок, аталган жыйынга катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын башкы планы чийки экенин белгилешти.

Жыйынга катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев деталдуу планда эштеке жоктугун айтып, сынга алды.

“Бул жерде түшүнүктүү эштеке жок, мен эч нерсени түшүнө алган жокмун. Адистер түшүнбөгөндөн кийин жөнөкөй эле кантип түшүнөт. Деталдуу пландоо долбоору дегенден кийин мында максат, идея болуш керек. Өзгөрүү болушу керек. Борбордук көчөлөрдө канча кабаттуу үйлөр курулушу керектигин да көргөн жокмун. Шаардын кебетесин ачык эле айталы. Биз башка жактан келгенде өзүбүздүн шаарга киргенден уялабыз. Манас менен Абдрахманов көчөлөрү кандай абалда турат. Кандай иштеп жатабыз”,- деди Конушбаев.

Бул айтылган сын боюнча шаар куруу жана архитектура боюнча Мамлекеттик долборлоо институтунун адиси Рысбек Көкөев сесмология жана башка жайдайларды эске алуу 35 кабаттүү үй курууга болоорун бегиледи.

Ал эми дагы бир депутат Улукбек Ормонов шаардын айрым көчөлөрүндөкыйылган бак-дарактарга уруксат берилип берилбегендигине кызыкты.

“Шаардын Тыныстанов, Панфилов, Логвиненко көчөлөрүремонттолгондо силер бак-дарактарды кыйа бергиле деп уруксаат бердиңерби? Анткени, ал көчөлөрдү оңдоп түзөп жатканда кураган бактарды эле эмес, укмуштудай өсүп жаткан бактарды кыйылды. Көчөнү кеңейтип, анын ордуна парковка кылып, унааларды токтотуп жатабыз”,- дейт Ормонов.

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Дюшембиев: “Бактарды кыйып жок кылууну максат кылган жокпуз. Көчөлөрдү кеңейтүү үчүн кээ бир учурларда бактарды кыйууга туура келип жатат. Ошол эле учурда көп бактарды сактап калып жатабыз жана кыйылган бактардын ордуна жаңы бактарды отургузуу боюнча план иштелип чыгып, азыр ал боюнча иштер жүрүп жатат”,- деп жооп берди.

Ошондой эле жалпы жыйында жогоруда аталган институттун жетекчиси Жыргалбек Асаналиев коррупцияга жол бербеш үчүн шаардын башкы планды эртерээк кабыл алуу керектигин бегилесе, Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Дюшембиев менен калаанын башкы архитектору шаардын башкы планы бир айдын ичинде кабыл алынаарына убада берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!