Бүгүн көк-бөрүчүлөр Өзбекстан менен беттешет

Бүгүн көк-бөрүчүлөр Өзбекстан менен беттешет
22-Авг. 2017, Шейшемби

Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 22-августта кыргызстандык улакчылар Өзбекстан менен беттешет. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Кечээ 21-августта Көк бөрү боюнча улуттук команда Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Эскерте кетсек, Казакстандын Астана шаарында өтүп көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында 14 мамлекеттин командалары катышууда. Оюндар 28-августка чейин созулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!