​Гүлазык сатып киреше тапкан ишкер

24-Авг. 2017, Бейшемби

Кыргыздын байыркы тамактарынын бири болгон гүлазыкка өзгөчө түс берип, 7 жыл анын үстүнөн иштеп келген жеке ишкер, Гүлазык “Айтпү” таттуусу өндүрүштүк ишканасынын башчысы Сапаргүл Бердалиева гүлазык сатып, ишкердик менен алектенип келет. 30 жылдан ашуун мамлекеттик жумушта иштеп, жеке ишкердиктин сырын өздөштүргөн каарманыбыз Zaman.kg маалымат агенттигине маек куруп берди.

- Гүл азыкты чыгарууга эле 7 жыл убактым кетти. Алгач изилдеп ылгайып калган аталарга, апаларга барып, элден сураштырып гүлазыктын пайдалуу жактары тууралуу маалымат топтодум. Сатыкка чыгарганыбызга 1 жылга жакындап калды. Гүл деген апа, азык деген дан азыгы, эт азыгы болуп эсептелет. Бул азык унутта бара жаткандыктан аны жайылтууну максат кылып, учурда эки түрүн чыгарып жатам. Дандан жана кургатылган жемиштен. Суусундугу дагы өзүнчө чыгарып жарма жасап сатуудамын. Айрыкча “Д” витамине көп көңүл бурабыз. Себеби акыркы убакта “Д” витаминин жетишпегендиктен балдардын, аялдардын саламаттыгы начарлоодо. Ушундан менин максатын каражат табуу гана эмес, элдин ден соолугун биринчи орунга коюу. «Д» витаминде сары майдан, өнгөн буудайдан, данектердин ичинде болот экен. Ошого басым жасоодобуз. Курамында буудай, жүгөрү, бал кошулат. Ал эми экинчи гүл азыктын түрүндө болсо жер-жемиштердин, өсүмдүктөрдүн кургатылган кагын алма, өрүк, мейизди жаргылчактан, тегирменден өткөрүлөт. Азыркы убакта бизде Кытайдан келген тегирмендер көбөйүп кетти. Мен болсо атамдан калган эски таш тегирменди пайдаланам. Тегирмен Союз ыдырап баратканда атам башка жактан алып келген экен. Атамдын көзү өткөндөн кийин тегирмен иштетилбей үйдө жаткандыктан пайдалуу иш кылайын деп, гүлазыкты чыгарып иштетип жатам.

«Жаңыдан ишти баштаганда бир челек жарма сатып баштагам»

Бердалиева жаңыдан жумушту баштаган учурда 1 челек жарма сатуу менен ишти баштаган. Азыр суроо-талап өсүп, кардарлардын саны көбөйгөндүктөн онго жакын жарма сатуучу жайы, такай гүлазык сатып алган кардары бар.

- Алгач жаңыдан ишти баштаганда кызым, келиним үчөөбүз иштечүбүз. Бир бачок жарма сатып баштаганбыз. Азыр 10 жерде атайын жарма сатуучу жайыбыз бар. 12 адам жумуш менен камсыз болушту. Кызым журналистка тармагында иштечү, келиним финансист, мен бухгалтер болуп 32 жыл мамлекеттик жумушта иштедим. Пенсия чыккан чоң ушул иш менен алектенип калдым. Гүлазыктын кургатылганын көбүнчө жентек тойго дешип алып кеткендер көп. Азыр эл баалап, сатып алып калышты. Дем алыш деген менде жок. Тапшырык бергендер арбын болгондуктан аларга өз убагында даярдап бергенге аракет кылам. Азыр Ош шаарын камсыздап жатабыз. Көп улуттуу калаа болгондуктан өтүмдүүлүгү жакшы. Жармаңкелерге, көргөзмөлөргө катышам. Кудай буюрса, Кыргызстанга, чет жерде иштеп эмгектенген мекендештерге сатыкка чыгарбыз деген максаттарыбыз бар. Бул ишкердик менен алектенген соң өзүмдү бизнесмен катары эсептебейм. Тапканыбыз үй-бүлөбүзгө жетет, жумушчулардын эмгек акысына, өз убагында мамлекетке салык төлөп турам. Чындыгында бул ишти бай болуп, акча табуу эмес, элге пайда алып келүү.

«Азыр мамлекеттин көзүн караган заман өттү. Кыймылдаш керек!»

Ишкердиктин көзүн билген каарманыбыз азыр мамлекеттин көзүн карап отура берген заман өттү деген пикирде. Адам канчалык кыймылда болуп мээнет кылса, анын акыбети сөзсүз кайтаарына ишенет.

- Мен жаңыдан ишти баштаганда өзүмдө мүчө болгон жалгыз бой энелер «иштегенге ишим жок» эле деп жүрсө мен өкмөт «элди иш менен камсыз кылса, иштеп жүрө бермек» деп эле мамлекетти күнөөлөп жүрө берипмин. Көрсө алар өздөрү иштегиси келбейт экен. Бизди мамлекет каалаганыңы кыл деп шарт түзүп берип жатат. Мен жумушу жок аялдарга даяр продукцияны алдына коюп, мынча сомдон төлөп берем десем да иштебей коюшту. Ошого кыргыздын «орто жериң ток болсо, эки колуң шок болот» деген сөзү бар. Акылдуу адам айткан экен «акча бербесең дагы иш берчи деп». Адам кыймылдап турса иш болот. Мамлекетке нааразы болуп кол куушуруп отурган заман өткөн. Азыр Кудай Таалам адамга акыл эсти, алты санды аман кылып бергенден кийин иштетиш керек. Жок дегенде өзүн-өзү камсыз кылуу керек. Эч кимге пайдасы тийбеген адам бактысыз дешетго. Ошого бактылуу өтөлү. Бири-бирибизге пайдабыз тийгизели. Ал эми гүлазык биздин ата абабаларыбыздын улуттук азыгы болгондуктан жок болуп кете элегинде кайра жанданып чыкканым мен үчүн чоң сыймык. Дагы толуктоочу жерлер бар. Менден кийинки муун дагы кошумчалап, өркүндөтүп кетишин каалайм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!