Бүгүн, 24-августта Бишкектеги “Жаннат” мейманканасында ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык форум башталды. Иш-чараны “Ак илбирстин мекени – улуу тоолор” түзүмү уюштурууда. Ага Монголия, Орусиянын Алтай, Бурят Республикаларынын жана Тажикстан, Кыргызстандын өкүлдөрү кирет.
Форумдун алкагында ак илбирсти сактоо жана коргоо максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүрөт көргөзмө ачылган. Көргөзмөгө Кыргызстандан тышкары бир катар мамлекеттер ак илбирсти сактоо максатында өздөрүнүн аймагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасын, буюмдарды, сүрөттөрдү алып келишкен.
Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фондунун Кыргызстандагы координатору Фарида Барбакова көргөзмөгө тууралуу буларга токтолду.
- Башка мамлекетте ак илбирстти аткандарга катуу чара колдонулат жатат. Кытайда ак илбисти аткандар абакка кесилип, эркинен ажыратылат. Бул өлкөдө илбирстин санынын көптүгү боюнча дагы дүйнөнүн алдыңкы оорунда турат. Окумуштуулар дагы айтып жатышат кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоолорун изилдегенде Кытай тарапта илбирстердин саны көп экендиги аныкталды. Ал эми биз жакта азыраак болуп чыкты. Биздин фонд болсо Кыргызстандагы коруктарда байырлаган ак илбирстерди, текелерди көбөйтүү максатында бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз. Алсак, Борбордук Тьянь-Шаньдагы Ысык-Көлдүн аймагындагы Эңилчек, Ак-Шыйрак корукка чектеш 3 айылга бир катар жумуштар аткарылды. Айыл элин аңчылыкка бардырбоо максатында башка альтернативдүү жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Ишкерлик менен алек болууну, окутууну үйрөтүүдөбүз. Мурда булар жүндү өрттөчү азыр болсо жүндү өрттөбөй каражат таап иштеп жатышат. Топоздордун жүнүн иштетүү боюнча Монголияга барып атайын окуулардан өткөрүп келдик. Жыйынтыгын берип учурда жүндү иштетип киреше таап жатышат.
Барбакова белгилегендей, ак илбирстин санын көбөйтүүдө дүйнөлүк фонддор, коомдук уюмдар салымын кошуп келгени менен, мамлекет тарабынан тийиштүү чара колдонулбай келет.
- Биздин иш алып баруубуздун негизги максаты кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жана аларга шарт түзүү. Илбирстин көбөйтүү үчүн эң биринчи тынчтык, анын айланасында ок атылбаш керек. Экинчиден анын азыгын талашпоо зарыл. Буга чейин деле кызыл китепке кирген аркар текелерди атууга мамлекет тарабынан уруксат берилип келген. Бирок, аткаминерлер мамлекеттин социалдык абалы оор болгондуктан каражттын булагы катары атууга уруксат берип келет. Бирок, ошол каражат мамлекеттин кайсыл социалдык катмарын жапты деген суроо жаралат. Менимче бул кайсыл бир кызыктар адамдардын кызыкчылыгын көздөгөн бизнестин бир булагы деп айтат элем. Ошон үчүн кызыл китепке кирген жаныбарларга атайын морроторий киргизүү жолу менен сактап калууну көздөп жатабыз.
Белгилей кетсек, ак илбирсти коргоо жана сактоо максатында арналган форум эртең дагы уланат. Кыргызстандын аймагында 300 тегерегинде ак илбирс бар экени айтылып келет. Бирок, адистер анын санын көбөйтүүдө тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканын байма-бай айтып келишет.