Лимон маскалары

Лимон маскалары
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:37

Сепкилдерди азайтуучу маска: Лимон ширесин ошончо өлчөмдөгү балга аралаштырасыз. Таза марляга бул аралашманы жакшылап сиңдирип алып, кайсы жериңизде сепкил бар болсо ошол жериңизге коюп 20 мүнөт жатасыз. Андан соң бетиңизди салкын сууга жууп саласыз.

Лимон калдарды жоготууга да жардам берет: 2 даана лимондун кабыгын майдалап, үстүнө 30 пайыздуу уксустан 100 грамм куюп коёсуз. Идиштин капкагын бекем жаап, күнүнө бир маал аралаштыруу менен бир жума тыныктырып коёсуз. Мына ушул маңыз менен өзүңүзгө жакпаган калыңызды бир күндө бир нече жолу сүртүп турсаңыз, канча бир убакыттан кийин ал жоголуп кетет.

Лимондун жардамы менен эриндин үстүндөгү жана ээктеги түктөрдөн арылууга болот: 1 даана жумуртканын агын жакшылап чалып, ага 2 чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырасыз. Бул масканы түгү бар жерлериңизге коюп, 15 мүнөттөн кийин салкын суу менен жууп саласыз.

Сезимтал терилер үчүн лосьон: Жарым лимондун ширесине 50 мл кайнатылган сууну жана 1 чай кашык глицеринди кошуп аралаштырасыз. Бул лосьон менен күн сайын эртең менен, кечинде бетиңизди тазалап турасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!