Апельсин маскалары

Апельсин маскалары
28-Фев. 2018, Шаршемби, 11:44

Майлуу терилер үчүн:

Жарым апельсиндин ширесин сыгып алып, ага 1 даана чийки жумуртканын агын, 1 чоң кашык жүгөрү унун кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Аралашманы 15 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң салкын суу менен жууп саласыз.

Кургак жана нормалдуу терилер үчүн:

Апельсиндин 2-3 чоң кашык ширесине 1 чоң кашык сүттү жана геркулестин талканын кошуп аралаштырасыз. Пайда болгон аралашманы 15-20 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

Азыктандыруучу маска:

Апельсиндин 3 чоң кашык ширесине жарым банандын пюресин жана жарым чоң кашык балды кошосуз. Муну бетиңизге 10-15 мүнөт жабасыз. Андан соң нымдуу кебез менен тазалап, артынан жылуу суу менен жууп саласыз

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!