Жаз, сүйүү, гүл, аял… булар бири-бирин толуктап турган, бөлүп кароого мүмкүн болбогон асыл заттар. Ушундан улам да айымдардын майрамы жаратылыштын жанданып, жаңы жашоо тартуулаган жаздын алгачкы илебине туш келгени бекеринен эместир. Адамзат тукумун улап, жашоо берип, үйдүн куту, коломтонун ээси болуп, бешик ырын ырдап, муштумдай жүрөгүнө чоң сүйүүнү батыра, бардык асыл касиеттерди өзүнө сиңирип турган аялзаты эмеспи. Аялсыз бир дагы үйдүн ичин элестете албайсың. Ансыз үй дагы көрксүз болуп, жашоо токтоп тургандай тынчтык өкүм сүрөт.
Аялдын орду ар бирибиздин жашообузда өзгөчө, зор мааниге ээ. Ал тургай аалымдар дүйнөдөгү согуштар да үч нерседен улам: биринчиси – байлык, экинчиси – бийлик, үчүнчүсү - аял талашуудан болот деп айтышкан.
Аялдарга карата ашыктык ырын ырдап, жүрөктөгү сезимин айта албай канча бозойлор улуу дастарданды жаратышпады. Баланын тили да алгач «апа» деп чыгат. Катуу сүйүнүчтө да, катуу коркконубузда да «апалап» айтабыз.
Сүйүктүү апалар, эжелер, сиңдилер! Баарыңарды майрамыңар менен куттуктап, ар убак асманыңыр ачып болуп, үйдүн төрүндө, көңүлдүн тереңинде болуп, бардык жакшылыктардын башаты болуп жүрө бергиле.
Майрамың менен, аруузат!
Аял, аял...
Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
үйдүн куту, апакеси балаңдын.
Жаман дебей жакшы дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрленбей кечирип кой анысын.
Аял, аял... айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа,
Эркек болбой таш болсом да эрирмин.
Өлүм парз го өкүмүнө көнөрмүн,
Көз жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!
Байдылда Сарногоев