Сүйүүдөгү кыйынчылык деген эмне?

Сүйүүдөгү кыйынчылык деген эмне?
14-Март 2018, Шаршемби, 15:10

Жашоодо ар түрдүү жагдайлар болот эмеспи. Бир учурда бакыттын кучагында болсоңуз, бирде капаланып калууңуз мүмкүн. Турмуш курар учурда адамдар «биз түбөлүк бактылуу болобуз» деп ойлошот. Бирок үй-бүлөнүн берекесин түбөлүк сактап калуу үчүн эмгек кылуу керек.

Сресс же кыйынчылык – калптуу жагдай. Ар бир үй-бүлө «стрессе кабылган» учур кездешет. Алардын ар биринин аталышы да бар: биринчи жылы, үчүнчү жылы, бешинчи жылы, жетинчи жылы жана башка кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр. Акылдуу үй-бүлө маселени дал убагында чечип, андан «аман-эсен» өтөт. Ал эми кыйынчылыктарга даяр эмес адамдар заматта ажырашуу тууралуу чечимди кабыл алышат.

Статистикалык маалымат боюнча, үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдарында 90 пайыз жубайлар ажырашып кетишет. Калган 10 пайызы сабырдуулук менен жеңип чыгышат. Алар бала төрөлгөн учурдагы, жумушка байланыштуу жана орто жаш кыйынчылыктарынан өтүшөт.

Кыйынчылыктар мамилени бекемдейт. Эмнеге десеңиз, кыйынчылык учурунда жубайлардын бири-бирине деген сезимдери сыналат. Сабырдуулук менен кичипейилдүүлүккө үйрөнүшөт. Чыныгы болуш керек экендигин түшүнүшөт. Ушул жол менен гана жуптар карыганча бирге болуп, сүйүүсүн өчүрбөй, бактылуу болушат.

Бала төрөлгөн кезде күйөөсү аялына жардам берип, жанында болууга аракет кылуусу керек. Жумушка байланыштуу кыйынчылкы учурунда аялы жолдошун колдоп, дем берип, анын чоң белестерге жете тургандгын айтып шыктандырып турганы жакшы.

Ушундай берекелүү жубайлардын келечеги кандай болот? Балдары кандай болуп чоңоюшат? Бул суроолордун жообун өзүңүз да билесиз. Сиз мунун баарына даярсызбы?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!