Окуучулардын илим, техника жумалыгы өтөт

3-Фев. 2018, Ишемби, 16:05

Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы 2018-жылдын 5-февралынан 10-февраль күндөрүнө чейин Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган Окуучулардын республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрөт. Бул уюштуруучулар билдиришти.

Окуучу жаштарга арналган Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы билим берүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк багыттагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.

Анын мааниси баа жеткис: Кыргызстандын окуучулары Жумалыктын жүрүшүндө өлкөбүздүн белгилүү окумуштуулары жана ойлоп табуучулары, өндүрүштүн алдыӊкылары жана эмгек ардагерлери менен жолугушуу, жогорку оку жайларына, заводдорго, фабрикаларга, өнөр жай ишканаларына, ошондой эле алардын арасына КР Улуттук Илимдер академиясы кирген ири илимий-изилдөө борборлоруна баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, Жумалыктын программасы кызыктуу конкурстарды, викториналарды жана интеллектуалдык оюндарды өзүнө камтыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!