Ашказан оорулары: гастрит жана ашказан жарасы

17-Май 2017, Шаршемби

Гастрит жана ашказан жарасы ашказан-ичеги ооруларынын эң кеңири таралган түрү. Статистикага таянсак, Жер шарындагы чоң адамдардын жарымынан көп бөлүгү бул оорулар менен оорушат. Албетте, эгерде сиз кааласаңыз, өмүр бою гастрит, ашказан жарасы деген ооруларды билбей эле өтсөңүз да болот. Ал үчүн алар тууралуу кенен билишиңиз керек. Биз сизге жардамчы болуу максатында төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз.

Гастрит - ашказандын былжыр челинин сезгениши. Гастрит болгондо ашказандын бүт былжыр чели бузулуп, клеткалардын пайда болуу процесси начарлайт. Натыйжада, ашказандын ишинде бузулуу жүрүп, ал тамак сиңирүүдө кыйналат. Мындан улам жалпы организм начарлап, тез чарчоо, жумушка болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү келип чыгат. Гастриттин курч кармаган түрү жана өнөкөткө айланган түрү болуп экиге бөлүнөт.

Курч кармаган гастритте адамда кокусунан эле (көбүнчө ачка болгондо) ичтин өйдө жагында толгоо сыяктуу оору пайда болуп, ал көңүл айлануу, кусуу менен коштолот. Оорулуу адамды зарна, ооздон чыккан кычкыл газ, ичтин көбүшү да кыйнашы мүмкүн. Муну убагында дарылабаса, өнөкөт гастритке айланып кетет.

Өнөкөт гастрит билинбейт. Адам өзүн жакшы сезип жүрө берет, а чындыгында анын ашказанында олуттуу оору бар. Өнөкөт гастрит узакка дарылоону талап кылат. Эгер дарылабаса, анда ал ашказан рагын алып келет.

Гастриттин белгилери

- Тамакка болгон табиттин өзгөрүшү

- Көп чаңкоо

- Сыздатып оорутуу сезими

- Ашказандан ооз көңдөйү аркылуу газдын чыгышы

- Зарна

Ашказан жарасы - бул өнөкөт оору. Мында аты айтып тургандай эле ашказандын былжыр челинде жара пайда болот. Көбүнчө бул 20дан 50 жашка чейинки эркек кишилерде кездешет. Өнөкөт оору болгондуктан, жаз жана күз мезгилдеринде кармайт.

Ашказан жарасынын белгилери:

- Гастрит сыяктуу эле зарна, кусуу пайда болот.

- Өтүшүп кеткен учурда тамактангандан 30-60 мүнөттөн кийин баш оору келип чыгат.

- Ашказан түнкүсүн ооруйт.

- Ачка болгондо же тамактангандан 20-30 мүнөттөн кийин ашказан ооруп баштайт.

- Эң коркунучтуусу, ашказан канап, оорулуу кан кусуп калышы мүмкүн, бул учурда заң капкара болуп калат.

Гастрит менен ашказан жарасынын себептери

1. Туура эмес тамактануу: тамакты жакшы чайнабай эле жутуу, бузулган жана сапатсыз азыктарды колдонуу, ачуу жана маринаддалган азыктарды көп колдонуу.

2. Убактысын сарамжалдоо үчүн айрымдар көчөдө басып баратып эле тамактанып алышат. Бул да гастриттин бир себеби.

3. Көп убакытка ачка жүрүү. Мындай ачкалыктан кийин ашыкча тоё тамактануу.

4. Жатар алдында тамактануу.

5. Өтө муздак же өтө ысык азыктар менен тамактануу.

6. Ичимдик менен тамекини чегинен ашыкча колдонуу да гастритке жеткирет.

7. Терс эмоциянын, стресстин көп болушу гастриттин бирден-бир негизги себеби.

8. Хеликобактер пилори бактериясы. Гастрит менен ашказан жарасынын негизги козгоочуларынын бири болгон спираль формасындагы бул бактериянын байырлаган жери - ашказан. Ал көбөйүп кеткенде ашказаныбыздын былжыр челиндеги клеткалар өлөт. А зыяндуу заттар эркиндикке чыгат да, ашказан ооруларын пайда кылат.

9. Газдалган суусундуктарды көп ичүү.

10. Айрым дары-дармектерди (аспирин, айрым антибиотиктерди) көп колдонуу.

Дарылоонун элдик ыкмалары

Прополис

Өнөкөт гастритти прополистин жардамы менен натыйжалуу айыктырууга болот. Бул үчүн күнүнө 10 граммдан прополис жеп туруу керек. Аны шашпай, өтө майдалап чайнап туруп анан жутуу зарыл. Дарылоо курсу 1 айга созулат.

Чычырканак менен бал

Булар да гастритти айыктырууда колдонулат. Дарыны жасоо үчүн 3 чоң кашык чычырканактын үстүнө 1 стакан суу куюп, 10 мүнөт кайнатасыз. Тундуруп алып, ага 3 чоң кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Мындан күн сайын эртең менен ачкарын 1 чай кашыктан ичип турасыз.

Ал эми чычырканактын өзүнүн ширесин сыгып алып 1 чай кашыктан күнүнө 3 маал ичүү ашказан жарасына пайдалуу. Ширени тамактанууга 1 саат калганда ичүү зарыл.

Картошка ширеси

Кадимки картошка да гастрит менен күрөшүүдө жакшы жардамчы болот. Ал үчүн орточо өлчөмдөгү 2 даана картошканын ширесин сыгып алып, эртең менен ачкарын ичиңиз. Мындан соң ордуңуздан турбай жатыңыз. Ал эми шире менен эртең мененки тамактын ортосундагы аралык 1 сааттан аз болбошу керек. Дарылануу курсу - 1 ай.

Балдын эритмеси

Эң жөнөкөй жана натыйжалуу бул ыкма да гастритке каршы жакшы дары. Таза балды жылуу сууга эритесиз. 1 стакан жылуу сууга 2 чоң кашык бал кошушуңуз керек. Бир күндө 1 стакан эритме ичишиңиз зарыл. Дарылануу курсу - эки жума.

Капуста

Капустанын ширеси да ашказан жарасына каршы жакшы каражат. Аны 100 граммдан күнүнө 3 маал ичүү зарыл. Дарылануу курсу - 3 жума.

Кефир, өсүмдүк майы

Күн сайын жатар алдында 1 стакан жаңы кефирге 1 чоң кашык өсүмдүк майын аралаштырып ичүү кажет. Бул аралашма ашказандагы жараны жакшы айыктырат. 1,5-2 ай үзгүлтүксүз ичкенде жаранын толугу менен жоголуп кетүү ишеними бар.

Жумуртка

Ашказан жарасынын өтүшүп, канай баштаган учурунда жумуртканын агы жакшы каражат. Күн сайын эртең менен ач карын 2 жумуртканын агын ичүү керек. Андан кийин 1,5 сааттан соң гана эртең мененки тамакты ичүүгө болот. Жатар алдында да 2 жумуртканын агын ичүү зарыл. Бир жумадан кийин ашказандын канаганы токтойт.

Гречка

Чийки, кургак гречканы көмөчтанга жеңил кууруйсуз. 3-4 чоң кашык куурулган гречканын үстүнө кечинде 10 чоң кашык кайнак суу куюп, үстүн жаап коёсуз. Эртең менен жеп аласыз. Дарылануу курсу оорулуунун абалына жараша 1 жумадан 1,5 айга чейин. Бул ашказан жарасы өтүшүп кеткен учурга жакшы каражат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!