Манафорт 300 жылга эркинен ажырайт

Манафорт 300 жылга эркинен ажырайт
15-Март 2018, Бейшемби, 14:51

Шайлоо алдында Дональд Трамптын штабын жетектеген Пол Манафортту сот 300 жылга абакка кесиши мүмкүн. Мындай жыйынтыкты “CNN” телеканалы айыптоолордун бардык беренелери менен таанышкандан кийин чыгарды.

Манафорттун соту Вашингтондо жана Александрияда (Вирджиния штаты) өтөт. Александриядагы сот жыйыны 10-июлга белгиленген. Анда банкка байланыштуу алдамчылыгына боюнча тогуз эпизод боюнча айыптайт. Аны эсептегенде 270 жылдык мөөнөт. Ал эми салыкка байланыштуу айыбы үчүн Манафортко 8 жыл кошулат.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча Вашингтондо Манафорт өзүнүн жардамчыларына мыйзамсыз түрдө аз дегенде 2 миллион долларды офшордук эсеп менен которгон. Бул кылмышы үчүн ага 15ден 20 жылга чейин абак жазасы берилиши керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!