​Энергетика тармагы жаңылана баштады

10-Март 2017, Жума

Энергетика тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча жана “Главная” көмөк чордонун автоматташтырылган системага өткөрүү үчүн бир катар иштер жасалды. Бул тууралуу 10-мартта Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү ачык акционердик коомунун Чүй жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурбек Абдылдабеков билдирди.

Анын айтымында аталган көмөк чордондо оңдоп түзөө жана алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

“Энергетика тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча “Главная” көмөк чордонунда эски жабдыктар заманбап жабдыктар менен алмаштырылып, жаңылоо иштери жүрдү. Аталган көмөк чордонду автоматташтыруу үчүн 62 млн. сом жумшалган. Ал эми аталган долбоорго жалпы 510 млн. сом жумшалган, анын 30 млн. сому компаниянын өздүк каражаты. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатат”,-дейт Абдылдабеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!