ЕАЭБден келген инвестициянын көлөмү өскөн

9-Март 2017, Бейшемби

2016-жылы Кыргызстанда өнөр-жай өндүрүшүндө жана айыл чарбасында өсүш болгон. Бул тууралуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция министри Татьяна Валовая билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБден келген инвестициянын көлөмү өскөн.

“2016-жылы Кыргызстанда өнөр жай 4,9 пайызга, өндүрүш – 3 пайызга өскөн. Ошондой эле Кыргызстанда ташуулардын көлөмү 4,4 пайызга жогорулаган. Экономиканын өсүшүндө бардык эле интеграциялык процесстерди эсептеп, көрсөтүү мүмкүн эмес. Кыргызстан ЕАЭБге кирген соң өлкөгө болгон инвестициялардын дээрлик жарымы альянстын өлкөлөрүнөн келген. Ошондой эле, КР мигранттарынын укуктары корголуп, россиялыктардын укуктарына теңдештирилди”, - дейт Валовая.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!