Кыргызстандан Россияга 86 түр товар жөнөтүлөт

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Казакстан аркылуу Россияга өтө турган товарларга уруксат берүү позициясы 86га жетти. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, Казакстан аркылуу Россияга өтө турган товарларга уруксат берүү позициясы 86га жетти. Товарлардын 40 түрүн унаалардын баардык түрү менен ташууга болот, ал эми 46 товар түрүнө темир жол аркылуу гана ташууга уруксат берилет.

2017-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүүсүндөгү өткөөл мезгили тууралуу протоколдун алкагында биримдиктин 16 техникалык регламенти толук күчүнө кирди. Ошондой эле дагы 20 техникалык регламент өлкө аймагында КРнын техникалык регламенттери менен катарлаш иштеп жатат“,- дейт Кожошев.

Бекхан Асанов


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!