Башкы прокуратура 340,3 млн. сомду калыбына келтирди

10-Март 2017, Жума

2016-жылы Башкы прокуратура тарабынан 340 млн. 370 миң сомдук чыгаша калыбына келтирилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин фракциялык жыйынында башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.

Анын айтымына караганда, Башкы прокуратура тарабынан 340 млн. 370 миң сомдук чыгашаны калыбына келтирген. Өлкөнүн бюджетине накталай акча түрүндө 81 млн. 245,3 миң сом, ал эми акчалай эмес түрдө 259 млн. 124,6 миң сом түшкөн.

“Мамлекеттик бажы кызматынан башка баардык укук коргоо кызматтары тарабынан 3 млн. 495,8 миң сом калыбына келтирилген. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан 1 млрд. 786 млн. сом. Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети өлкө бюджетине 1 млрд. 291 млн. сом. Ички иштер министрлиги тарбынан 77 млн. 48 сом калыбына келтирилген”,-дейт Токтогулов.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!