​Мигранттар 1,8 млрд. доллар которушкан

6-Март 2017, Дүйшөмбү

2016-жылдын 11 айында эмгек мигранттарынан 1,8 млрд. доллар которулган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылга салыштырмалуу өткөн жылы мигранттар 300 млн. доллар көп которушкан 2016-жылы 11 айда Россия жана Казакстанда да жүргөн эмгек мигранттарынан Кыргызстанга 1 млрд. 834 млн доллар келген.

“Аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандар КРнын Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинк жаралган көйгөйлөрдү билдирип жатышат, ооба кыйынчылыктар жок эмес бирок кыйынчылыктар менен бирге жакшы жакатарыда бар. Айтсак Кыргызстандын эмгек мигранттарына жумушка орношуу процедурасынын жеңилдешине байланыштуу ал жакта жашоо үчүн жана эмгектенүү дө жакшы шарттар түзүлдү”,-дейт Кожошев.

Бекхан Асанов


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!