Казакстандан келчү товарлардын көлөмү өстү

10-Март 2017, Жума

Казакстандан Кыргызстанга киргизилген кондитер азыктарынын көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат жыйынында билдирди

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда кондитер азыктарынын көлөмү 2,7 эсеге өскөн. Ошондой эле жууп тазалоочу каражаттардын кириши 1,8 эсеге, кагаз, картон буюмдарын алып келүү 2,4 эсеге, көбөйгөн. Ал эми минералдык сууларды алып кирүү 7,1 эсеге жана өсүмдүк майын ташуу 48,1 пайызга төмөндөгөн.

Кыргызстандан Казакстанга экспорттолуучу товарлардын ичинен сүт азыктары басымдуулук кылып жатат. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда анын көлөмү 1,6 эсеге көбөйгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!